Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу N 68
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
32-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
33-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби
1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар, вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар, үй камагында турган референдумдун катышуучулары добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн зарыл саны (бирок үчтөн ашык эмес) болушу керек. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала кол коюп, мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган оператор менен биргелешип участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүүчү орун жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчү кулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) орун жайдан тышкары добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын чүчү кулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетинин бергени жөнүндө кол коёт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек.
Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигинен улам же ден соолугунун абалы боюнча шайлоо бюллетендерин алганда өз алдынча кол кое албаса же шайлоо бюллетендерин толтура албаса, ал ушул конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган тартипте башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу.
8. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди" деген белги коюлат.
9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Көчмө укөктөр сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).
Жайдан тышкары добуш берүүнүн аяктаганы тууралуу акт түзүлөт, анда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын саны, добуш берген шайлоочулардын саны, берилген шайлоо бюллетендеринин саны, берилген чектердин саны, пайдаланылбаган бюллетендердин саны жана кайтарылган бузулган бюллетендердин саны тууралуу маалыматтар камтылат, ага участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар кол коёт. Акт түзүүдө катышкан ар бир адамга актыга кол коюлгандан кийин токтоосуз анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет.
10. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин, ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 31-октябры № 173
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө»
33-берене. Референдумдун катышуучусунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү тартиби
1. Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн участкага келе албаган референдумдун катышуучулары; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды камакка алуучу жерлерде болгон референдумдун катышуучулары; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан алыскы малчылык участоктордо убактылуу жашаган референдумдун катышуучулары; ошондой эле өзгөчө учурларда, эгерде алардын убактылуу болуусунун жайгашкан жери боюнча референдум өткөрүү боюнча участканын аймагында туруктуу жашаса, тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча добуш берүү күнү калктуу конуштардан обочолонгон, алыскы жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген референдумдун катышуучулары, вахта методу менен иштеген референдумдун катышуучулары, үй камагындагы референдумдун катышуучулары өздөрү турган жерде добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары референдумдун мындай катышуучуларына добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
Эгерде референдумдун катышуучусу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендигине байланыштуу же ден соолугунун абалы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин алгандыгына өз алдынча кол кое албаган же добуш берүү үчүн бюллетенди толтура албаган учурда, ал ушул конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган тартипте, референдумдун башка катышуучусунун жардамынан пайдаланууга укуктуу.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу N 98
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
32-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби
(КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
33-берене. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн тартиби
1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, эгер алар шайлоо участкасынын аймагында туруктуу жашаса, ага өзүнүн жайгашкан жери боюнча алардын убактылуу турган жери кирет; иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар; вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар өзүнүн турган жери боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки мезгилде гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген баардык арыздарды атайын реестрде каттайт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келе албай тургандыгынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө ящиктер зарыл санда, бирок үчтөн ашык эмес болууга тийиш. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен бирдикте жүргүзүп, алар зарыл болгон сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала мөөр басылган (пломба коюлган) көчмө ящиктерди кол коюп алышат. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин. саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүргүзүлөт.
4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн чүчүкулак менен аныктайт (участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн экиден кем эмеси менен).
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан, талапкерлерге, байкоочуларга, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кароо үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө ящиктерди көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номери, контролдук барактарды добуш берүү үчүн ящиктерге салуунун убактысы, төраганын, катчынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып жаткан талапкерлердин, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ошол адамдар тарабынан кол коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат.
6. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен бирдикте шайлоочунун биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетенин бергенде шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
7. Шайлоочу ал жерде башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда шайлоо бюллетенин толтурат. Атайын орун шайлоо бюллетенин толтуруп жаткан учурда добуш берүүчүнүн эрк-ниетинин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын контролун камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш.
Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендигинин кесепетинен же ден соолугунун абалы боюнча шайлоо бюллетендерин алууда өз алдынча кол кое албаса же шайлоо бюллетенин толтура албаса, ал ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 15-бөлүгүндө каралган тартипте башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу.
8. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун номери менен сериясы шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана бир эле мезгилде шайлоочулар тизмесинин тиешелүү графасына "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берди" деген жазуу жазылат.
9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө ящиктердин көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Көчмө ящиктер сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).
10. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш беришкен шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнүн аякташы боюнча ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158, 2016-жылдын 21-январындагы N 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)