11.02.2026 №71 Жаран Чилянов Нуралы Асановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Жаран Чилянов Нуралы Асановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнөн жаран Чилянов Нуралы Асановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2026-жылдын 10-февралындагы отурумда келип түшкөн материалдарды “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
Материалдарга ылайык, 2026-жылдын 6-февралында «WhatsApp» мессенджериндеги «Чомоев Алмазбек Алтынбекович Элим үчүн кызмат кылам» тобунда жаран Н.А. Чилянов № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Алмазбек Алтынбековичти колдоого чакырган маалымат таратып жаткандыгы аныкталды.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт”.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 198 токтому менен бекитилген 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык 2026-жылдын 9-февралы шайлоо алдындагы үгүт башталган күн деп белгиленген.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык тигил же бул талапкер үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө чакыруулар, айрым талапкерлерге карата артыкчылык берүү, талапкерлердин шайлануусунун же шайланбай калуусунун ыктымалдуу кесепеттерин баяндап жазуу, талапкерлердин кесиптик ишмердиги же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарышы менен байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун 2026-жылдын 10-февралындагы чечими менен жаран Чилянов Нуралы Асановичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун 2026-жылдын 10-февралындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жаран Чилянов Нуралы Асановичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Жаран Чилянов Нуралы Асанович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 11-февралы
№ 71
