Жылкыбаев Узарбек Казиевич

КР БШКнын мүчөсү

Жылкыбаев Узарбек Казиевич

Жылкыбаев Узарбек Казиевич

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1974-жылы 17-февралда Ысык-Көл облусунун Ананьево шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1999-жылы Казак мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.  2014-жылы - Кыргыз Республикасынын Юридикалык Академиясы, эл аралык мамилелер, өлкө таануу, юриспруденция адиси.

Эмгек ишмердүүлүгү

1999-2001жж.  - Бостери айыл өкмөтү - жаштар комитетинин төрагасы;

2002 ж. - Бишкек шаарынын мэриясы - 1-категориядагы адис;

2004-2008 жж. - Бостери айылдык кеңеши - айылдык кеңештин депутаты;

2008-2012 жж. - Ысык-Көл райондук кеңеши - депутат, бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;

2011-2013-жж. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы - Ысык-Көл АШКнын атайын өкүлү;

2013-2015- жж. - "Кыргыз деңизи" санаторийи - директор;

2013-2015 -жж.- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы - төрагасы; 2013 - азыркы учурга чейин - Ысык-Көл облусунун Эркин күрөш федерациясы - Президент;

2015-2017 жж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2017-2018 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

2018-2020 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

2021 -ж.-азыркы убакка чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.