Жупуева Айдана Садыковна
КР БШКнын төрагасынын орун басары

Жупуева Айдана Садыковна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
1977-жылы 4-мартта, Ош облусунун Алай районунун Көлдүк айылында туулган.
1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетин «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистиги боюнча бүтүргөн.
2015-жылы КУУнун Юридикалык институтунун магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолу:
2025-жылдын 11-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2021-2025 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2020-2021-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти;
2017-2020-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын документтерди камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2016-2017-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2014-2015-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин вице-спикеринин консультанты;
2011-2014-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү;
2008-2012-ж.ж. – Ош мамлекеттик университетинин “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык талдоо” кафедрасынын улук окутуучусу;
2001-2008-ж.ж. – Ош технологиялык университетинин окутуучусу;