Койчукеев Нурлан Чокоевич

КР БШКнын төрагасынын орун басары

Койчукеев Нурлан Чокоевич

Койчукеев Нурлан Чокоевич

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары

1969-жылы 17-июнда туулган.

Билими: атайын орто, жогорку юридикалык. 1988-жылы «Данды сактоо жана кайра иштетүү технологиясы» адистиги боюнча «техник-технолог» квалификациясын алып, КТППны бүтүргөн. 2001-жылы «юриспруденция» адистиги боюнча «юрист» квалификациясын алып, КУУну бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1984-1988-жж. – Кара-Балтадагы тамак-аш өнөр жай техникумунда окуган;

1988-1990-жж. Германияда (ЧӨА) «Телеграф аппаратурасынын телеграфисти» (1-класстагы телеграфист) кызмат ордунда аскердик кызмат өтөгөн;

1990-1995-жж. – «Победа» колхозунда ун тарттыруу өндүрүшүнүн техник-технологу;

1996-2001-жж. – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде окуган. Жеке ишкердик кылган;

2001-2009-жж. – уюмдарда, банктарда юрист болуп иштеген;

2010-2012-жж. – жеке юридикалык практика;

2013-2014-жж. – Жайыл району боюнча ЮКнын адвокатынын жардамчысы;

2015-жылдан тартып КР Чүй аймактык адвокатуранын адвокаты.

2020-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөсү