Джурабаева Гульнар Курашбековна
БШКнын курамы
Джурабаева Гульнар Курашбековна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1959-жылдын 9-февралында туулган.
Билими жогорку. 1981-жылы С.Киров атындагы Казак Мамлекеттик институтунун философия факультетин жана И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик институтунун финансы жана кредит факультетин аяктаган.
1985- 1990-ж.ж. - М. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасында окуган.
Эмгек жолу:
1981-1985-жж. - Шымкент Педагогикалык институтунда мугалим.
1990-ж. – Кыргыз Мамлекеттик университетинин культурология кафедрасынын ага окутуучусу.
1996 – 2003-ж.ж. – Евразиялык экономикалык жамаатын Парламенттер аралык ассамблеясынын катчылыгынын социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын катчылыгынын кеӊешчиси.
2008-2011-ж.ж. -«Интербилим» эл аралык борбордун долбоорунун координатору.
2011 – 2016 - ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси” класстык чини бар.