Бекматов Абдыжапар Гапырович
КР БШКнын мүчөсү

Бекматов Абдыжапар Гапырович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1961-жылдын 15-январында Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.
Билими жогорку. 1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2016-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2010-2015-жж. – «Республика» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;
2001-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2000-2002-ж.ж. – «Алтын-Темир» корпорациясынын аткаруучу директору;
1996-2000-ж.ж. – Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
1995-1996-ж.ж. – Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
1991-1995-ж.ж. – Ноокат районундагы ветеринардык-санитардык отрядынын жетекчиси;
1990-1991-ж.ж. – Кыргызстан КП Ноокат РКнын партиялык уюштуруучусу;
1987-1990-ж.ж. – Кыргызстан ЛКЖС Ноокат РКнын II катчысы;
1985-1987-ж.ж. – Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;
1983-1985-жж. - Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын отличниги, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги.