Календардык план

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2020-жылдын 11-февралы

№34 токтому менен бекитилген

 

2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин; Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин; Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Жерге-Тал, Коӊорчок айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Чоӊ-Дөбө айылдык кеңештеринин; Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коӊур-Дөбө айылдык кеңештеринин, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинин, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңешинин, Ош шаардык кеӊешинин; Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин, Токмок шаардык кеӊешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин; Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол шаардык кеӊештеринин, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин, Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын

КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ

Шайлоо күнү – жекшемби

2020-жылдын 12-апрели

Иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

Шайлоо округдарын жана шайлоо участокторун түзүү

 

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 22-февралына чейин)

Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактык шайлоо комиссиялары

(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам),

 10-бер. 4-бөл.)

 

 

Айылдык кеңештерге депутаттардын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтырууну эске алуу менен  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү 

Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 22-февралына чейин)

Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (шайлоону уюштуруу бөлүмү)

 (Мыйзам, 10-бер. 5-бөл.)

 

 

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ММКга жарыялоо

Алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 

27-февралына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык бөлүм)

 (Мыйзам, 10-бер. 6-бөл.)

 

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу

 

 

Аймактык, участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окутуу тренингдерин өткөрүү

Өзүнчө план жана график боюнча

Окутуу жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттешүү борбору

 

Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

 

 

Добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган, биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин шайлоо мыйзамдарына ылайык   ар бир шайлоо участогу боюнча түзүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгаруу

Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда

(2020-жылдын

12-февралына чейин)

Ыйгарым укуктуу Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган  (МКК)

(Мыйзам, 12-бер., 1,2-бөл.)

 

 

Ар бир шайлоо участогу, район, шаар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин  мамлекеттик  порталга жайгаштыруу

Добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн мурда

(2020-жылдын

12-февралына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (ПТК жана МК бөлүмү)

(Мыйзам, 12-бер., 2-бөл.)

 

 

Шайлоочулардын тизмесин басып чыгаруу жана тийиштүү участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн мурда

(2020-жылдын

17-февралына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү, АШКдагы тутумдук администраторлор)

(Мыйзам, 12-бер., 4-бөл).)

 

 

Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү

Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн мурда

(2020-жылдын

22-февралына чейин)

Участоктук шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 13-бер., 1-бөл.)

 

 

Шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу (каталарды жана так эместиктерди оңдоо)  

Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 28-мартына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы, маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү,

тутумдук администраторлор, аймактык шайлоо комиссиялары, участоктук шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 12-бер., 3-бөл.)

 

 

Шайлоочулардын  контролдук тизмесин түзүү жана участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 8-мартына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү,

АШК тутумдук администраторлору)  

(Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)

 

 

Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда (2020-жылдын

13-мартына чейин)

Участоктук шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 13-бер., 3-бөл.)

 

 

Шайлоочулардын шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло  тизмесин түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 2-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

(маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү,

АШК тутумдук администраторлору)  

(Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)

 

 

Жабдыктардын комплектилерин даярдоо үчүн шайлоочулардын биротоло  тизмесин электрондук түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (МКК) өткөрүп берүү 

Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен

(2020-жылдын 2-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (МКТ башкармалыгы) (Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)

 

 

Шайлоочулардын тизмесин кагазга басып чыгаруу жана аны номурлап, көктөп, Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүп, эки нускада участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда

(2020-жылдын

7-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу бөлүмү),

аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)

 

 

Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын кагаз түрүндөгү биротоло  тизмесинин экинчи нускасын илүү

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен

(2020-жылдын 9-апрелине чейин)

Участоктук шайлоо комиссиялары  (Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)

 

 

Шайлоочулардын  тизмесин жүктөп, биометрикалык маалыматтар менен даярдап, шайлоо участокторуна жеткизүү үчүн шайлоочуларды иденттештирүү боюнча сервердик комплектилерди Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен

(2020-жылдын 9-апрелине чейин)

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган  (МКК)

(Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)

 

 

Жабдыктарды жеткизүү

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен

(2020-жылдын 9-апрелинде чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 13-бер., 4-бөл.)

 

Талапкерлерди көрсөтүү жана  каттоо

 

 

КР жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө АШКда документтерди кабыл алуу жана берилген маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топторду түзүү  

Шайлоо дайындалган күндөн тартып

Тиешелүү аймактык шайлоо  комиссиялары

 

 

Талапкердин шайлоого катышууга байланыштуу, анын ичинде каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн

каттоо

Документтер берилгенден кийин

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 

 

Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүгүн берүү, же жүйөлүү себептер менен каттоодон баш тартуу

Зарыл документтер түшкөндөн кийин 3 күндүн ичинде   

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 21-бер., 3-бөл.)

 

 

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып, добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт  (2020-жылдын                 2-мартында саат 24.00 чейин)

Саясий партиялар

(Мыйзам, 49-бер., 1, 2-бөл.)

 

 

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү 

Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын 2-мартында саат 24.00 чейин)

Талапкер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам, 53-бер., 1-бөл.)

 

 

 

Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерүү 

Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

 

Аймактык шайлоо  комиссиясындагы тиешелүү жумушчу топтор

(Мыйзам, 53-бер., 4-бөл.)

 

 

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 

 

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда

(2020-жылдын

13-мартына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 53-бер.,6-бөл.)

 

 

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен тиешелүү күбөлүктөрдү берүү

Талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 53-бер., 12-бөл.)

 

 

Талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо

Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде

 

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 53-бер., 11-бөл.)

 

 

Шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу же шайлоого катышуудан баш тартуу же болбосо талапкерлерди саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз кабыл алуу

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен

 

(2020-жылдын 8-апрелинде саат 24.00 чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 54-бер., 1,2-бөл.)

 

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт  (2020-жылдын                 12-мартына чейин)

Саясий партиялар, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар

(Мыйзам, 49-бер., 1-бөл.,2-бөл. 2-п.,8,9,10-бөл.)

 

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү 

Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын 12-мартында саат 24.00 чейин)

Талапкер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам, 60-бер., 1,3-бөл.)

 

 

Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын текшерүү 

Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

 

Аймактык шайлоо  комиссиясындагы тиешелүү жумушчу топтор

(Мыйзам, 60-бер.,3-бөл.)

 

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 

 

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин

(2020-жылдын

23-мартына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 60-бер.,7-бөл.)

 

Айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган  талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү

Талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 60-бер., 9-бөл.)

 

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо

Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде

 

 

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 60-бер., 8-бөл.)

 

Талапкерден шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз кабыл алуу. Талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу 

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын 8-апрелинде саат 24.00 чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 54-бер., 1-бөл.)

 

Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүн,

ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүк берүү же жүйөлөштүрүлгөн түрдө аларды каттоодон баш тартуу

Документтер келип түшкөнүнө жараша

Тиешелүү аймактык шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам,18-бер., 2-бөл., 19-бер.)

Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо

 

Жалпыга маалымдоо каражаттарына обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин   10 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

21- февралына чейин)

Жалпыга маалымдоо каражаттары

(Мыйзам, 22-бер.,20-бөл.)

 

Шайлоочуларга шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу кабарлоо

Шайлоону дайындоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы жарыялангандан кийин

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, 

юридикалык жана жеке жактар  (БШКнын маалыматтык бөлүмү)

(Мыйзам, 22-бер., 2-бөл.)

 

Шайлоочулардын тизмелерии менен таанышуу, алардан өз маалыматтарын тактоо зарылдыгы тууралуу ЖМК аркылуу, жеткиликтүү башка жолдор менен шайлоочуларга кабарлоо

Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күнгө чейин

(2020-жылдын

17-февралына чейин)

Тиешелүү шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 22-бер.,2-1-бөл.)

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн атайын маалыматтык материалдарды даярдоо (сурдокотормону же субтитрлөөнү пайдалануу менен аудио- видео материалдар, Брайль тамгасы, башка атайын каражаттар)

Шайлоо дайындалган күндөн тартып

Тиешелүү шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 22-бер.,2-1-бөл.)

 

Көрсөтүлгөн,  катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондусунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын, каржылык отчеттору жөнүндө шайлоочуларга кабарлоо

Шайлоо дайындалган күндөн тартып

Тиешелүү шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 22-бер.,2-1-бөл.)

 

Талапкердин, саясий партиянын программаларын тиешелүү шайлоо комиссиясына берүү. Талапкердин, саясий партиянын программасын

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо

Талапкер каттоодон өткөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен

Тиешелүү шайлоо комиссиялары

(Мыйзам 22-бер., 2-2-бөл.)

 

 Ар бир шайлоо участогунун аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүп берүү жана тариздөө

Шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

(Мыйзам, 27-бер.,3-бөл.)

 

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү 

 

 

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди,  талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат                   (2020-жылдын 13-марты) жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат

(2020-жылдын 11-апрелинде,            

саат 8.00дө)

Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары

(Мыйзам, 23-бер.,1-бөл.)

Эл аралык байкоочулар

 

Эл аралык уюмдарга жана чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарына шайлоого байкоо  жүргүзүүгө  катышууга чакырууларды жиберүү  

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий түрдө жарыялангандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы

(эл аралык кызматташтык бөлүмү)

(Мыйзам, 8-бер., 1-бөл.)

 

Эл аралык байкоочуларды аккредиттөө

Билдирме түшкөнүнө жараша

Борбордук шайлоо комиссиясы

(эл аралык кызматташтык бөлүмү)

(Мыйзам, 8-бер., 1,2-бөл.)

Шайлоону каржылоо

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү

Шайлоо дайындалгандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы

(пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү )

 

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан шайлоо фонддорун түзүү

Жарандар өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин б.а. шайлоо комиссиясы тарабынансаясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттагандан кийин 5 календардык күн ичинде

Талапкер, ыйгарым укуктуу өкүл

 (Мыйзам 15-бер., 1-бөл)

 

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүсүнүн жана чыгымдоосунун тартибин контролдоо

Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып

Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 16-бер.,1-бөл.)

 

Шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу

Шайлоо комиссияларына акча каражаттары бөлүнгөндөн кийин

Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, Борбордук шайлоо комиссиясы (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү)

(Мыйзам, 16-бер., 2-бөл.)

  1.  

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фонддорун түзүү булактары жана өлчөмдөрү, ошондой эле алардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду берүү 

 

 

1) АШКга каттоо үчүн керектүү документтерди берүү менен бир учурда.

2) шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын

23-апрелине чейин)

Талапкерлер,

(Мыйзам, 15-бер., 19-бөл.) Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 16-бер., 2-бөл.)

 

 

  1.  

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоо

Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жума сайын

Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдоо-текшерүү тобу, Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам, 16-бер., 1-бөл.)

Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына

өткөрүп берүү

  1.  

Шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 23-мартына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 30-бер., 3-бөл.)

  1.  

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо

Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 2-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)

(Мыйзам, 30-бер., 8-бөл.)

  1.  

Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жеткирип, акт боюнча өткөрүп берүү 

Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн мурда  (2020-жылдын

2-апрелине чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)

(Мыйзам, 30-бер., 13-бөл.)

  1.  

Шайлоо бюллетендерин тиешелүү участоктук шайлоо комиссияларына жеткирип, акт боюнча өткөрүп берүү 

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда  (2020-жылдын

10-апрелине чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 30-бер., 13-бөл.)

Добуш берүүнү өткөрүү тартиби

 

  1.  

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо

Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын

2-апрелине чейин)

Участоктук шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 31-бер., 1-бөл.)

  1.  

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын

9-апрелине чейин)

Участоктук шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 33-бер., 2-бөл.)

  1.  

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илүү

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2020-жылдын

10-апрели)

Участоктук шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 33-бер., 4-бөл.)

  1.  

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссия мүчөлөрүн аныктоо үчүн чучукулак жүргүзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн мурда (2020-жылдын

10-апрели)

Участоктук шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 33-бер., 4-бөл.)

  1.  

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда (2020-жылдын 11-апрели)

Участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 33-бер., 5,6,7,8,9-бөл.)

  1.  

Добуш берүүнү өткөрүү 

2020-жылдын             

 12-апрели,

саат 8.00дөн 20.00гө чейин

Участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 31-бер.)

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө

жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо

  1.  

Бюллетендерди добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алып чыгылган  шайлоо  бюллетендери добуш берүү үчүн үкөккө (АЭУ) салынат

Добуш берүү аяктагандан кийин

Байкоочулардын катышуусунда участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 36-бер., 6-бөл.)

  1.  

АЭУ боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө отчетту кагазга басып чыгаруу жана маалыматтарды байланыштын корголгон каналдары аркылуу борбордук серверге өткөрүп берүү

Добуш берүү аяктагандан кийин

Байкоочулардын катышуусунда участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 36-бер., 7-бөл.)

 

  1.  

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу

УШКлардан маалыматтар алынгандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам, 40-бер., 2-бөл.)

 

  1.  

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча аныктоо

Добуш берүү аяктагандан кийин

Байкоочулардын катышуусунда участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 36-бер., 12,13-бөл.)

 

 

  1.  

Участоктук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) кароо

Добуштар саналгандан кийин

Байкоочулардын, талапкерлердин жана ЖМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 36-бер., 14-бөл.)

 

  1.  

Шайлоо  комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду эки нускада түзүү жана ага участоктук шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрүнүн кол коюусу

Жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлгөндөн кийин

Участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам 36-бер., 15,16-бөл.)

 

  1.  

Участоктук шайлоо комиссиясы белгилеген жайга жалпыга тааныштыруу үчүн протоколдун чоңойтулган формасын илүү

 

Добуш берүү жөнүндө протоколду түзгөндөн кийин

 

Участоктук шайлоо  комиссиясы

(Мыйзам, 36-бер., 19-бөл.)

 

  1.  

Участоктук шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасын шайлоо документтери менен бирге АШКга жеткирүү жана акт менен өткөрүп берүү

УШК

мүчөлөрү кол койгондон кийин токтоосуз

Участоктук шайлоо  комиссиялары

 

Аймактык шайлоо комиссиясы

 

ИИМ

(Мыйзам, 36-бер., 17-бөл.)

 

  1.  

Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин же мөөр менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн участоктук шайлоо комиссиясынын жайларынын алдында такталарга илүү

Добуш берүү күнүнөн кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын

16-апрелине чейин)

Участоктук шайлоо  комиссиялары

(Мыйзам, 36-бер., 20-бөл.)

 

  1.  

Добуш берүүгө, добуштарды саноого жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу белгиленген тартипте келип түшкөн арыздарды (даттанууларды) кароо үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү

 

УШКлардан протоколдор алынгандан кийин, тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлганга чейин

Аймактык шайлоо комиссиялары

 

(Мыйзам, 37-бер., 2-бөл.)

 

  1.  

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду шайлоо комиссиясы тарабынан эки нускада түзүү жана ага шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрүнүн кол коюусу. Протоколго тиешелүү аймакта жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү эки нускада түзүлгөн жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет 

АШКнын жыйынтыктоочу жыйналышынан кийин

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 37-бер., 3-бөл.)

 

  1.  

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

Добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен

(2020-жылдын 3-майына чейин)

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 38-бер., 1-бөл.)

 

 

  1.  

Шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин      шайлоонун натыйжалары

жөнүндө жалпы маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберүү

Шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин     

2 сутканын ичинде

 

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 40-бер., 3-бөл.)

  1.  

Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү

АШКнын протоколуна кол коюлгандан кийин токтоосуз

Аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 37-бер., 4-бөл.)

 

  1.  

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитүү

АШКлардын протоколдору алынгандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы

(«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 7-бер., 1-бөл. 24-п.)

  1.  

Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө төмөн турган түздөн-түз шайлоо комиссиясынын протоколунда камтылган маалыматтарды кошуу менен, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштардын  саны тууралуу маалыматтарды расмий жарыялоо

Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 40-бер. 4-бөл.)