Кара-Балта шаарында "Уңгужол" жаңы доктринасынын алкагында биринчи окуу семинары болуп өттү
07 апреля 2026
Кара-Балта шаарынын райондук китепканасына караштуу Жарандык жана санариптик билим берүү борборунда маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү.
Иш-чара 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган "Уңгу жол" ("Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктиктер") жаңы мамлекеттик доктринасынын алкагында ишке ашырылган семинарларды улантуу сериясында старт алды. "Кыргыз жараны” жана "Жарандык иденттүүлүктүн баалуулуктарын жайылтуу жана калктын санариптик сабаттуулугун калыптандыруу" темасында өттү.
Семинарга маданият бөлүмүнүн 42 кызматкери (бөлүмдүн жетекчилигин кошкондо), китепканачылар жана музыканттар катышты.
Окутуу программасы эки негизги модулга бөлүнгөн:
1-модул - "Кыргыз жараны" атуулдук иденттүүлүгү. Катышуучуларга этномаданий көп түрдүүлүктү сактоо менен Кыргызстандын Бирдиктүү элине таандык болуу сезиминин калыптанышы жөнүндө айтып берилди. Өзгөчө көңүл тарыхты, маданиятты, мамлекеттик тилди билүүгө жана коом турмушуна активдүү катышууга, анын ичинде шайлоого катышууну жогорулатууга бурулду.
2-модул - "Түндүк" тиркемеси жана электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр. Угуучулар күнү-түнү санариптик документтерге жана сервистерге жетүүнү камсыз кылган мамлекеттик кызматтардын расмий мобилдик тиркемесинин иши менен таанышышты. Курстун алкагында үй-бүлөнүн курамы, кыймылсыз мүлктү каттоо, дарыгерлердин каттоосу жана салык карыздарын текшерүүдөн баштап, онлайн режиминде 50дөн ашык кызмат көрсөтүү боюнча маалымкаттарды алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү.
Иш-чара КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы "2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана санариптик көндүмдөрдү окутуу программасы" №75 буйругун аткаруунун алкагында жана КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ("Уңгу жол” Улуттук доктринасы") №369-ПУ Жарлыгын аткаруу максатында системдик администратор Сейил Самарбекова, Жайыл районунун атайын өкүлү Турусбек Ногоевдин көмөгү менен уюштурулган.
Семинарлар республиканын башка региондорунда улантылат.





