КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07 апреля 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-апрелдеги өз жыйынында Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Бишкек шаардык кеңешиндеги бош мандат Шаршенбай уулу Русланга (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Каракол шаардык кеңешинин депутаты Бийбаев Муканбет Өмүровичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тойчубеков Канат Койчумановичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңешиндеги бош мандат Замирбек кызы Мээримге өткөрүлүп берилди;
- Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Исаев Аман Канатовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эркинбеков Бексултан Эркинбековичке өткөрүлүп берилди;
- Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Калыков Максатбек Аскаровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асанкадыров Болоткан Жакшылыковичке өткөрүлүп берилди;
- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Төрөгожоева Анаркүл Бейшенбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мамбетакунова Нургүл Каракеевнага өткөрүлүп берилди;
- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Мураталиев Азамат Шаршенбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты Атабекова Рита Куляевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыбеков Кубанычбек Дөөлөтбековичке өткөрүлүп берилди;
- Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңешинин депутаттары Казыбаева Жылдыз Туратбековнанын жана Сыдыков Сүйүнбек Айтбековичтин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулду;
- Жумгал районунун Миң-Куш айылдык кеңешинин депутаты Майрамбеков Жакшылык Майрамбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Болот уулу Аскарга өткөрүлүп берилди;
- Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эгинбаева Нуриса Асанкановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Осмонов Руслан Жылкыбековичке өткөрүлүп берилди;
- Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Биймурза кызы Фаризаттын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Акматбекова Гүлнара Сабирдиновнага өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңешинин депутаты Садыкова Айнура Кенжебековнанын ыйгарым укугу каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадралиева Махабат Акжоловнага өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Ата районунун Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты Сагынбекова Жылдыз Эрмековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Медетов Алтынбек Эржановичке өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Ата районунун Жайылма айылдык кеңешинин депутаты Мамытов Алмас Абдылдаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Николенко Евгения Геннадьевнага өткөрүлүп берилди;
- Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Канатбек уулу Эрландын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Калимбетов Туратбек Каримовичке өткөрүлүп берилди;
- Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаттары Токтомушова Жаңыл Абалаковнанын, Мундузбаева Наргиза Маратбековнанын, Урматаев Тагайбек Максатбековичтин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Алымкулова Жаңыл Серкебаевнага, Мундузбаева Наргиза Маратбековнага жана Саматова Гүлжамал Чормоновнага өткөрүлүп берилди;
- Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Батыралиева Бүсайра Кененбаевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ташкенбай уулу Аскарбекке өткөрүлүп берилди;
- Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты Атанаева Айпери Атайбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Субанкулова Керезбүбү Жумабековнага өткөрүлүп берилди.
