КР БШК төрагасынын орун басары А. Жупуева Мальдив Республикасындагы референдумду жана жергиликтүү кеңештерге жана аялдарды өнүктүрүү комитеттерине шайлоолорду эл аралык байкоого катышууда
04 апреля 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева КР БШК аппаратынын контролдук-ревизиялык жана аудит иштери секторунун башчысы Амангелди К.М. менен биргеликте Мальдив Республикасында өтүп жаткан референдумду, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге жана аялдарды өнүктүрүү комитеттерине шайлоолорду эл аралык байкоого катышууда.
Шайлоочулардын тизмесине 294 876 жаран киргизилген, алардын ичинен 144 506сы аялдар, 150 370и эркектер.
Референдумга төмөнкү суроо коюлган:
«Сиз президенттик шайлоону жана Элдик Мажлис шайлоосун бир мезгилде өткөрүү, ошондой эле Элдик Мажлистин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн өзгөртүү каралган Конституцияга сегизинчи өзгөртүүнү ратификациялоону жактырасызбы?»
Шайлоолор 225 округда уюштурулган. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 678 мүчө жана аялдарды өнүктүрүү комитеттерине 678 мүчө шайланат - жалпы 1 356 шайлануучу орун.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 592 талапкер, аялдарды өнүктүрүү комитеттерине 1 368 талапкер катышууда.
Шайлоо участоктору саат 08:00дө ачылып, 16:00дө жабылат.
Добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн 38 эл аралык байкоочу катталган.
Референдумдун жана шайлоолордун алдында КР БШКнын делегациясы эл аралык байкоочулар үчүн өткөрүлгөн брифингге катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Мальдив Республикасынын шайлоо органдарынын өкүлдөрү добуш берүүгө даярдык тууралуу маалымат берип, шайлоо процессинин укуктук жана институттук негиздерине сереп сунушташты.
Айрыкча эл аралык байкоочулардын ролу жана милдеттери, жүрүм-турум кодекси, этикалык стандарттар жана калыстык талаптары, ошондой эле добуш берүү күнүндөгү жол-жоболор жана байкоо жүргүзүү методологиясы тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Мониторингдин алкагында КР БШК делегациясы шайлоо участокторунун даярдыгына жана алардын ачылыш жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө, шайлоочулардын катышуу деңгээлине жана жеткиликтүүлүктүн камсыздалышына байкоо жүргүзүүдө.
Добуш берүү аяктагандан кийин делегациянын өкүлдөрү участокторду жабуу жана шайлоо бюллетендерин саноо жол-жоболоруна байкоо жүргүзүүгө катышат.










