КР БШКнын кызматкерлери кезектеги ишембиликке катышты
04 апреля 2026
Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарында өтүп жаткан көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чарага катышты.
БШКнын жамааты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артында жайгашкан «Театральный» скверинде жана ага жанаша аймактарда тазалоо иштерин жүргүздү.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө аймак тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана пластик калдыктардан тазаланып, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин арттырууга багытталган.
Белгилей кетсек, борбор калаада көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлүүдө.









