КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
18 марта 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Майлуу-Суу, Талас, Айтматов, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Темирова Гулипа Мамыровнанын (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырзасапарова Тумаркан Алишеровнага (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңешинин депутаты Байтиков Марат Каныбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Качиев Батыркул Эшембековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыкова Динара Токтогуловнага өткөрүлүп берилди;
- Ноокат районунун А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты Мирзахамдамова Наргизахон Миркабиловнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Раймжанова Гүлмирахан Кадырбековнага өткөрүлүп берилди;
- Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин депутаты Авазова Айгүл Авазовнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Балтабаева Канзадабү Муктаржановнага өткөрүлүп берилди.
