КР БШКсы У.З. Ормоновду, М.К. Калбердиеваны, Б.К. Чойбековду жана А.Ж. Мурзакимованы КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаттары деп тааныды

18 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Чойбеков Бактыбек Каныбековичке № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековнага № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
У.З. Ормонов, М.К. Калбердиева, Б.К. Чойбеков жана А.Ж. Мурзакимова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.