КР БШКда “КР Жаштар парламенти” долбоорунун катышуучулары - студенттер менен маалыматтык-агартуу жолугушуусу болуп өттү

13 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “КР Жаштар парламенти” долбоорунун катышуучулары - студенттер менен маалыматтык-агартуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга өлкөнүн ар кайсы жогорку окуу жайларынын 1-4-курстарынын ар кандай багытта билим алышкан 30 студенти катышты.

Катышуучулар долбоорго арыз берген 200гө жакын студенттин ичинен тандалып алынган.

КР БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев студенттерге Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, Борбордук шайлоо комиссиясынын ролу жана ыйгарым укуктары, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ачык суроо-жооп сессиясы болуп, анын алкагында студенттер шайлоо процессинин маселелери боюнча бир катар суроолорду узатышты. Атап айтканда, катышуучуларды шаардык кеңештердеги депутаттардын саны жана ыйгарым укуктары, округдар боюнча шайлоонун азыркы системасына өтүү, шайлоолорду өткөрүүдө санариптик технологияларды колдонуу жана аларды текшерүү механизмдери, ошондой эле жаштардын шайлоого катышуусунун төмөндүгүнүн себептери жана алардын шайлоо процессине катышуусун жогорулатуунун мүмкүн болгон жолдору кызыктырды.

Бардык суроолорго КР БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев тарабынан толук түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан тышкары, студенттерге Кыргыз Республикасында шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүдө колдонулуучу шайлоо жабдууларынын иши көрсөтүлдү. Катышуучулар ошондой эле демонстрациялык режимде добуш берүү процессин сынап көрүштү.

Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, жаш жарандардын шайлоо процесстерине болгон кызыгуусун арттырууга жана активдүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Жолугушууну КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) уюштурду.