КР БШКда студенттер үчүн маалыматтык-агартуу жолугушуусу өттү
13 марта 2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында бүгүн, 13-мартта студенттер үчүн маалыматтык-агартуу жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чара КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖББШТБ) тарабынан уюштурулуп, жаштардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга, шайлоо маданиятын калыптандырууга жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталды.
Жолугушууга Бишкек инновациялык колледжинин (БИК) 40 студенти жана Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин «Юриспруденция» багыты боюнча билим алган 22 студенти катышты.
Катышуучуларга КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева жана Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору Анара Бейшембаева сөз сүйлөп, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоолорго аң-сезимдүү катышуу маданиятын өнүктүрүү жана активдүү жарандык позицияны калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
ЖББШТБнын эксперти Чолпон Бапиева «Кыргыз жаранынын баалуулуктары жана жаштардын жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүдөгү ролу» темасында презентация жасап, Кыргыз жаранынын негизги принциптери жана баалуулуктары тууралуу видеоматериалды көрсөттү.
КР БШКнын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Керемет Берикбаева катышуучуларды Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстеринин өзгөчөлүктөрү жана шайлоону өткөрүүнүн негизги этаптары менен тааныштырды. Өзгөчө көңүл шайлоо процессин санариптештирүү маселелерине бурулду.
КР БШКсынын программалык-техникалык камсыздоо жана коопсуздук бөлүмүнүн эксперти Улан Мурзаев шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоодо колдонулуп жаткан санариптик технологиялар тууралуу маалымат берди.
Алынган билимдерди бекемдөө максатында Kahoot платформасында интерактивдүү викторина-оюн өткөрүлүп, анын жүрүшүндө катышуучулар шайлоо системасы боюнча билимдерин текшерип, талкууланган темаларга жигердүү кызыгуу көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө эстелик белектери тапшырылды.
Ошондой эле студенттерге Кыргыз Республикасында шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө колдонулган шайлоо жабдууларынын иши көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн КР БШКнын имараты боюнча экскурсия уюштурулуп, жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Мындай маалыматтык-агартуу жолугушуулар жаштардын укуктук жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, активдүү жарандык позицияны калыптандырууга жана жаш жарандардын демократиялык процесстерге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.



