КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

06 марта 2026

Кымбаттуу айымдар!

Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Табиятынан мээримдүү, ажарлуу жана назик жаралган айымдар адамзат жашоосун кооздоп, дүйнөгө жылуулук тартуулап келет. Аялзаты – турмуштун куту, үй-бүлөнүн жүрөгү, жашоого маңыз тартуулаган улуу күч.

Мээримдүү эне, сүйүктүү жар, боорукер эже-карындаш катары ар дайым биздин кубанычыбызды арттырып, кыйын учурларда дем-күч берип, жашоонун бардык баскычтарында эриш-аркак колдоо көрсөтүп келесиздер.

Сиздердин бар экениңиздер жашообузду жарык кылып, дүйнөбүздү толуктап, жүрөгүбүзгө тынчтык тартуулайт.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жакындарыңыздардын курчоосунда мазмундуу жана бакубат өмүр сүрүңүздөр.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак, мол ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!