КР БШКнын 2026-жылдын 16-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16 февраля 2026
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 16-февралы
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
- Панфилов, Ак-Талаа, Өзгөн, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология сектору бөлүмүнүн башчысы)
- 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутуттарын кайра шайлоодогу катталган талапкерлердин шайлоо төгүмдөрү жөнүндө
(баяндамачы – Амангелди кызы Мунара, көзөмөлдөө- ревизиялык жана аудиттик иш секторунун башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 токтому менен бекитилген “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 52 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 72 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы –Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябрындагы № 129 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы –Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы –Акимбаев А. Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
