№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоо жокко чыгарылды

13 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-февралдагы жыйынында № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 токтомун жокко чыгарды.
Аталган округ боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылды.