КР БШКнын өкүлдөрү Бангладеш Эл Республикасында өтүп жаткан шайлоолорго жана референдумга байкоо жүргүзүүгө катышууда

12 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов жана КР БШК аппаратынын кызматкери Талант Сатыбалдиев Бангладеш Эл Республикасында өтүп жаткан парламенттик шайлоолорго жана жалпы улуттук референдумга эл аралык байкоо жүргүзүү программасына катышууда.

Добуш берүүгө 127,7 миллионго жакын катталган шайлоочу катышууда. Өлкө аймагында 42 000ден ашуун шайлоо участкалары ачылган.

Өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу органы — Бангладештин Улуттук Ассамблеясы (Жатия Сангсад) болуп саналат. Ал 350 депутаттан турат, анын ичинен 300 депутат түз добуш берүү жолу менен шайланат, ал эми 50 орун аялдар үчүн квота катары бөлүнгөн.

Парламенттик шайлоолор менен катар жалпы улуттук референдум да өткөрүлүүдө. Анын алкагында жарандарга Бангладеш Эл Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча өз позициясын билдирүү мүмкүнчүлүгү берилген.

Шайлоолорду жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү Бангладештин Шайлоо комиссиясы тарабынан камсыздалат. Бул орган өлкөдөгү шайлоо процесстерин жана референдумдарды даярдоо, өткөрүү жана көзөмөлдөө үчүн жооптуу болгон көз карандысыз конституциялык орган болуп эсептелет.

Чет өлкөлөрдө жашаган Бангладеш жарандар үчүн шайлоо участкалары каралган эмес. Ошол эле учурда почта аркылуу добуш берүү механизми ишке ашырылган. Миграциядагы шайлоочулар алдын ала толтурулган бюллетендерин почта кызматы аркылуу жөнөтүшкөн. Бюллетендер тиешелүү округдардын жооптуу кызмат адамдарына бүгүнкү күндүн саат 16:00гө чейин жетиши күтүлүүдө.

Байкоочулардын баамында, шайлоо процесси тынч жана уюшкандыкта өтүүдө, тилкелерде тартип жана техникалык даярдык тийиштүү деңгээлде камсыздалган.

КР БШК өкүлдөрүнүн эл аралык байкоого катышуусу тажрыйба алмашууга, шайлоолорду башкаруунун чет элдик тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана улуттук шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүүгө багытталган.