№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда

10 февраля 2026

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары бүгүн, 10-февралда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айыл аймагында өттү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоочулар талапкерлерге айыл чарба, ичүүчү таза суу, сугат суу, энергетикалык маселелерге байланыштуу бир катар суроолорду беришти.

Өз кезегинде талапкерлер программаларынын алкагында шайлоочулардын суроо-талаптарына жооп берип, жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүдө бир катар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл экендигин билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жолугушуулар бардык талапкерлерге бирдей шартта уюштурулат.

Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2026-жылдын 9-февралынан 13-февралына чейин уланат.

Эске салсак, жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.