№ 13 шайлоо округунан талапкер З. Юлдашева шайлоого катышуудан баш тартты

09 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-февралда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын каттоосун жокко чыгарды.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер З. Юлдашева КР БШКга 2026-жылдын 6-февралында кайрылган.

Мындан тышкары, КР Борбордук шайлоо комиссиясы аталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды жана аларга берилген каттоо ырастамаларын жараксыз деп тапты.