Талапкерлер Ш. Мажитова жана К. Нуриев №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты

05 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкер болуп көрсөтүлгөн жарандардын 2026-жылдын 1-мартына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карады.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу тиешелүү арыздарды Мажитова Шарапаткан жана Нуриев Кубан Бактыбаевич беришкен.

КР БШКсы бул арыздарды эске алды.

Мындан тышкары, КР Борбордук шайлоо комиссиясы аталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды жана аларга берилген каттоо ырастамаларын жараксыз деп тапты.