Борбордук шайлоо комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү менен куттуктайт!

05 февраля 2026

Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпы шайлоо коомчулугу менен бирге Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилеп жатат.

Бул күн шайлоолордун демократиялык маанисин баса белгилеп, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо жана камсыз кылуу, шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу негизги баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган.

Кыргыз Республикасында шайлоо системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында заманбап шайлоо технологиялары колдонулуп, шайлоочуларды каттоо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын, анын ичинде аралыктан добуш берүүнү так жана ачык эсепке алуу механизмдери өркүндөтүлдү.

Ошондой эле шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылууга, бардык жарандар үчүн, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Урматтуу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, өнөктөштөр жана шайлоочулар!

Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн, жоопкерчиликтүү эмгегиңиздердин жана жарандык милдетти ак ниеттүүлүк менен аткарганыңыздардын аркасында Кыргыз Республикасында мыйзамдуу, эркин, атаандаштыкка жөндөмдүү жана ачык-айкын шайлоолор өткөрүлүп келет. Жарандардын шайлоого активдүү катышуусу демократиялык институттардын бекемделишине жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө маанилүү салым кошот.

Борбордук шайлоо комиссиясы мындан ары да шайлоо процесстерин өркүндөтүү, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандардын шайлоо укуктарына болгон ишенимин бекемдөө багытында ырааттуу иш алып барууну улантат.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясы