КР БШКсы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки талапкерди каттады

27 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-январда, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:

- Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович;

- Абдыразакова Гульнара Пазылжановна.

Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.

Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.