КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

26 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- Абдималиков Уланбек Абдималиковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:

шайлоо маселелери боюнча - Т.А. Байтикеев, каржы маселелери боюнча - Б.Дж. Рысалиева;

- Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча - Ш.М. Масиров.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.