КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
23 января 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-январда, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- Нуриев Кубан Бактыбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
шайлоо маселелери боюнча - Р.Б. Нуриева, каржы маселелери боюнча - Н.Б. Бакытбекова;
- Мацаков Бакыт Калбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
шайлоо маселелери боюнча - Г.Н. Карыбекова, каржы маселелери боюнча - С.А. Алагозов.
- Темирбаева Махсудахан Юлчиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча - А.Э. Досматов, каржы маселелери боюнча - Н.Р. Козубаев.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
