Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

23 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-январда “Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү”жөнүндө токтом кабыл алды.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык, Камаева Айдана Замировна (“Ишеним” саясий партиясынан), Мажитова Акмарал Акылбековна (“Тилектештик” саясий партиясынан) жана Суйунбай уулу Жоомартбек, Исмаилжан кызы Жайнагүл, Кочконбаева Кызжибек Жалиловна, Осмоналиева Нурипа Токтосуновна, Маматов Кылычбек Дуйшоевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды.

Комиссиянын курамына резервден (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) Көчкөнбаева Жумагүл Уристамбековна, Калчаева Суйумкан Курбаналиевна, Сулайманов Нурмамат, Орозбаев Аман Адылович, Кадыралиева Мээридина Кубанычбековна, Тынай уулу Бакыт жана Капарова Нуржамал Сарыбашовна киргизилди.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык, Субанбеков Жалынбек Канатбекович (“Ынтымак” саясий партиясынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Орозалы кызы Дамира киргизилди.