КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
20 января 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- Матсаков Кадырбек Мусаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.Ө.Бадинов жана каржы маселелери боюнча Ч.К. Эргешев;
- Абдыразакова Гульнара Пазылжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча М.А. Кабылова жана каржы маселелери боюнча Б.И. Божаева.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
