КР Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын жаңы шайланган депутаттарына ырастама жана төш белги тапшырылды

16 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын жаңы шайланган 87 депутатына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарада депутаттар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришти. 

КР БШК төрагасы Т. Шайназаров жаңы шайланып келген депутаттарды куттуктап, мыйзам чыгаруу жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Өлкө тарыхында биринчи жолу, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна шарт түзүү максатында, шайлоочу убактылуу жүргөн жеринде, каалаган шайлоо участкасына барып, алдын ала арыз бербестен, онлайн идентификациядан өтүү менен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген аралыктан добуш берүү системасы колдонулуп, анын максаты – шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү күнү туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогуна келип добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар үчүн шайлоо укугун жүзөгө ашыруусуна шарт түзүү экендигин БШК төрагасы Т. Шайназаров белгиледи.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору менен 29 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталып, шайлоо болуп өттү деп таанылган.

  1. № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  2. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич
  3. Жороев Исманали Эгембердиевич
  4. Талиева Камила Абдыразаковна
  5. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  6. Атажанов Ырысбек Ысламович
  7. Калпаев Бактыяр Алиевич
  8. Аманова Бурун Кушбековна
  9. № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  10. Рысбаев Равшанбек Рысбаевич
  11. Аматов Жаныбек Женишбекович
  12. Мавлянова Махабат Эргешовна
  13. № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  14. Рустамбек уулу Советбек
  15. Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич
  16. Алимжанова Нилуфар Якубжановна
  17. № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  18. Сулайманов Эльдар Нурланович
  19. Исираилов Азамат Алмазбекович
  20. Ахмедова Айгуль Абдилхаевна
  21. № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  22. Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович
  23. Эргешов Бекмурза Аскарбаевич
  24. Аманова Санталат Абдылдаевна
  25. № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  26. Козуев Алишер Абибиллаевич
  27. Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович
  28. Машрапова Гүлай Эгемназаровна
  29. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  30. Акаев Жанарбек Кубанычович
  31. Примов Улан Бердибаевич
  32. Торобекова Нуржамал Турсуналиевна
  33. № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  34. Джалилов Азамжан Абдуллажанович
  35. Толонов Данияр Эрмекович
  36. Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна
  37. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  38. Зулушев Курманкул Токторалыевич
  39. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич
  40. Баатырова Гүлнара Маришовна
  41. № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  42. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич
  43. Кылычбаев Алтынбек Таирович
  44. Салямова Венера Хамзаевна
  45. № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  46. Чолпонбай уулу Бекмырза
  47. Масабиров Талайбек Айтмаматович
  48. Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна
  49. № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  50. Борбиев Болотбек Ибраимович
  51. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич
  52. Култаева Гулшаркан Оконовна
  53. № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  54. Тургунбек уулу Нурланбек
  55. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич
  56. Абдибаева Айсаракан Нышановна
  57. № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  58. Джумабеков Дастанбек Артисбекович
  59. Чотонов Медер Осконбекович
  60. Кайрылбекова Медина Кайрылбековна
  61. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  62. Азыгалиев Нурланбек Асанбекович
  63. Узакбаев Улукбек Камчибекович
  64. Эсенаманова Чолпон Замирбековна
  65. № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  66. Ханджеза Карим Лемзарович
  67. Чомоев Бакыт Муратбекович
  68. Сатиева Гулжан Эркинбековна
  69. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  70. Алиев Медербек Кубанычевич
  71. Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич
  72. Тайгараева Эдита Каныбековна
  73. № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  74. Айтиев Темирлан Тынычбекович
  75. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович
  76. Ашымбаева Токтобүбү Абасовна
  77. № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  78. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич
  79. Абиров Жаныбек Болотбекович
  80. Садырбаева Жылдыз Эсенбековна
  81. № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  82. Бекешев Дастан Далабайевич
  83. Ибрагимов Болот Адылбекович
  84. Кожокулова Гуля Акматкуловна
  85. № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  86. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
  87. Маматалиев Марлен Абдырахманович
  88. Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич
  89. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  90. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич
  91. Карыбек уулу Улукбек
  92. Акимбаева Гульнара Орозбековна
  93. № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  94. Шабазов Бахридин Валиевич
  95. Тентишев Бакыт Эркинович
  96. Сейтказиева Эркеайым Алымовна
  97. № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  98. Саккараев Медербек Джаманкулович
  99. Исеналиев Эркинбек Аскеевич
  100. Исаева Джамиля Кубанычбековна
  101. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  102. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич
  103. Муратбеков Табылды Муратбекович
  104. Молдобекова Гулкан Сакиновна
  105. № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  106. Кокулов Эрулан Калчороевич
  107. Сагынаев Болот Турусбекович
  108. Жунушбаева Рахат Мырзабековна
  109. № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  110. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович
  111. Белеков Адилет Чолпонбекович
  112. Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна
  113. № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча:
  114. Самаков Кубанычбек Карганбекович
  115. Бакасов Улан Болотбекович
  116. Таалайбек кызы Жылдыз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет.