«Ынтымак» саясий партиясынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жана сарпталган каражаттар тууралуу маалымат

11 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлердин жана «Ынтымак» саясий партиясынын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жана алардан сарпталган каражаттардын суммасы жөнүндө маалымат берет.

Маалымат талапкерлер жана «Ынтымак» саясий партиясы тарабынан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча тапшырылган акыркы каржылык отчеттордун негизинде даярдалды. Бул округдарда 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлгөн деп табылып, жыйынтыктары КР БШКнын токтомдору менен бекитилген.

Тапшырылган акыркы каржылык отчетторго ылайык, шайлоочулардын эң көп добушун алган 87 талапкердин (алардын ичинен үчөө «Ынтымак» партиясынан) шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жалпы каражаттын суммасы 723 140 550 сомду түздү. Сарпталган каражаттын жалпы суммасы 723 140 550 сом болду. Атайын эсептерде каражаттын калдыгы — 0 сом.

Бул талапкерлердин жана «Ынтымак» саясий партиясынын жыйынтыктоочу финансылык отчеттору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бардык талаптарына ылайык тапшырылган. Шайлоо фонддоруна каражаттын түшүүсү жана сарпталышы боюнча чектөө нормалары сакталган, банктык көчүрмөлөр жана чыгымдарды ырастаган бардык каржылык документтер — көрсөтүлгөн кызматтар/жасалган иштер боюнча келишимдер, актылар, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б. тиркелген. Каржылык документтерди кабыл алуу-тейлөө актылары түзүлүп, кол коюлган.

Учурда шайлоого катышкан калган 373 талапкердин финансылык отчеттору текшерилип жатат.

Маалымат үчүн:Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобонун 8-бөлүмүнө ылайык:

58. Талапкерлер, саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына өздөрүнүн шайлоо фондунун өлчөмү жана түзүлүү булактары, ошондой эле бардык жасалган чыгымдар жөнүндө отчетторду берүүгө милдеттүү.

Кагаз түрүндөгү жана электрондук версиялардагы маалыматтардын айырмасы болгон учурда, тиешелүү тартипте кол коюлуп, тастыкталган кагаз түрүндөгү варианты күчкө ээ.

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планына ылайык, экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынтыктоочу маалыматтар) добуш берүү күнүнөн кийин 7 күндөн кеч эмес, башкача айтканда 2025-жылдын 7-декабрына чейин КР БШКга тапшырылышы керек.