КР БШК № 9 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

09 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 9 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди. 
№ 9 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Джалилов Азамжан Абдуллажанович – 5 461 добуш (4,43%);
- Толонов Данияр Эрмекович – 5 088 добуш (4,12%);
- Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна – 1 127 добуш (0,91%).
№ 9 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 68 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 123 213 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 41 800 шайлоочу, же 33,92% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 41 502 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 33,68% түздү. 4 849 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,94% түздү. 
№ 9 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 21 талапкерди каттады, шайлоого 21 талапкер катышты.
№ 9 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык, № 5050, № 5054, № 5548, № 5577, № 5039, № 5040 жана № 5041 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
№ 9 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 61 шайлоо участкасында чыгарылды.
№ 9 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 9 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1.Токтомуратова Гульпери Абдылдаевна – 500 добуш (0,4%);
2.Абжапарова Уултай Амалбековна – 785 добуш (0,63%);
3.Кадыралиева Ыргал Кармышаковна – 1 099 добуш (0,89%);
4.Толонов Данияр Эрмекович – 5 088 добуш (4,12%);
5.Кантороев Кубанычбек Абылтаевич – 1 176 добуш (0,95%);
6.Жумаев Байыш Эркебаевич – 3 024 добуш (2,45%);
7.Батырова Ташхон Темировна – 439 добуш (0,35%);
8.Турдубаева Гульмира Мамаевна    – 964    добуш (0,78%);
9.Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна – 1 127 добуш (0,91%);
10. Талипов Чынгыз Базарбаевич – 3 785    добуш (3,07%);
11. Кадырова Жылдызкан Турумбековна – 228 добуш (0,18%);
12.Абитов Женишбек Эсеналиевич – 4 257 добуш (3,45%);
13.Акаев Кылычбек Муталиевич – 2 574 добуш (2,08%);
14.Акылбек Нурсултан – 294 добуш (0,23%);
15.Эркинбаева Гульнарахан Джумаковна – 984 добуш (0,79%);
16.Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжанович – 571 добуш (0,46%);
17.Нурунбетов Сыймыкбек Балтахунович – 126 добуш (0,1%);
18.Умарбеков Боронбай Баитович – 459 добуш (0,37%);
19.Толтоев Эрнис Мукашбекович – 3 286 добуш (2,66%);
20.Джалилов Азамжан Абдуллажанович – 5 461 добуш (4,43%);
21.Саипбаев Нурланбек Жаныбекович – 4 353 добуш (3,53%);
22.“Баарына каршы” – 557 добуш (0,45%).    
№ 9 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 9 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Джалилов Азамжан Абдуллажанович, Толонов Данияр Эрмекович жана Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна таанылды.