КР БШК № 8 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
09 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 8 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 8 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Акаев Жанарбек Кубанычович – 13 856 добуш (9,73%);
- Примов Улан Бердибаевич – 11 009 добуш (7,74%);
- Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – 3 145 добуш (2,21%);
№ 8 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 101 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 142 474 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 59 862 шайлоочу, же 42,08% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 49 490 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 34,78% түздү. 10 372 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,29% түздү.
№ 8 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 21 талапкерди каттады, шайлоого 21 талапкер катышты.
№ 8 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-декабрындагы чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4–бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, № 5514, № 5249 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
№8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 99 шайлоо участкасында чыгарылды.
№ 8 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-декабрындагы № 8 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жумаева Динара Нуркамиловна – 522 добуш (0,36%);
2. Матисаков Бешболуш Жоробаевич – 475 добуш (0,33%);
3. Турганбаев Дөөлөтбек Улукбекович – 517 добуш (0,36%);
4. Акаев Жанарбек Кубанычович – 13 856 добуш (9,73%);
5. Баатыркулов Зайнал Ахматович – 2 369 добуш (1,66%);
6. Сүтүева Гүласыл Буркановна – 814 добуш (0,57%);
7. Семетей кызы Айзирек – 256 добуш (0,18%);
8. Киргизова Раиса Ашиновна – 1 786 добуш (1,25%);
9. Бердиев Аккулу Тагаевич – 2 981 добуш (2,09%);
10. Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – 3 145 добуш (2,21%);
11. Калмаматова Элиза Бакалбаевна – 1 077 добуш (0,75%);
12. Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна – 224 добуш (0,15%);
13. Токторов Мырзабек Сарыевич – 1 788 добуш (1,25%);
14. Сарыбашов Таалайбек Насирбекович – 8796 добуш (6,18%);
15. Мадазимов Бекболот Акимович – 952 добуш (0,66%);
16. Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна – 2 590 добуш (1,82%);
17. Ашимова Динара Ашимовна – 1 680 добуш (1,18%);
18. Патиев Нурканбек Маматович – 478 добуш (0,33%);
19. Токторова Карамат Балтабаевна – 470 добуш (0,33%);
20. Мамырова Бөдөш Аманбаевна – 601 добуш (0,42%);
21. Примов Улан Бердибаевич – 11 009 добуш (7,74%);
22. «Баарына каршы» – 566 добуш (0,39%).
№ 8 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 8 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 8 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Акаев Жанарбек Кубанычович, Примов Улан Бердибаевич жана Торобекова Нуржамал Турсуналиевна таанылды.
