КР БШК № 23 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
08 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, № 23 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди. № 23 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды: - Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна – 11278 добуш (27,66); - Маматалиев Марлен Абдырахманович – 6932 добуш (17,00%);- Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – 6448 добуш (15,81%).
№ 23 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 55 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 132 442 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 41 318 шайлоочу, же 31,20% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 35 648шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 26,92% түздү.
5 670 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,28% түздү. № 23 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 13 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 23 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 23 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Чекилов Ринат Эркинбекович – 937 добуш (2,30%);
2. Карыпбеков Илим Майрамбекович – 2430 добуш (5,96%);
3. Молдалиев Сатыбек Калилович – 322 добуш (0,79%);
4. Тургунбаев Алиаскар Абдылдаевич – 183 добуш (0,45%);
5. Чалов Ильяз Алмазович – 5841 добуш (14,32%);
6. Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич – 380 добуш (0,93%);
7. Давлянов Дамирбек Тайырбекович – 209 добуш (0,51%);
8. Маматалиев Марлен Абдырахманович – 6932 добуш (17,00%);
9. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна – 11278 добуш (27,66);
10. Исатбек кызы Аида – 3686 добуш (9,04%);
11. Шаршеев Искендер Шеримбекович – 296 добуш (0,73%);
12. Хасанов Канат Зерликович – 485 добуш (1,19%);
13. Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – 6448 добуш (15,81%);
14. “Баарына Каршы” – 1349 добуш (3,31%).
№ 23 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 23 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна, Маматалиев Марлен Абдырахманович жана Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич таанылды.
