КР БШК № 17 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

08 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 17 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

 № 17 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

– Азыгалиев Нурланбек Асанбекович - 12 020 добуш (24,71%);

– Узакбаев Улукбек Камчибекович - 10 766 добуш (22,13%);

– Эсенаманова Чолпон Замирбековна - 4 714 добуш (9,69%).

№ 17 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 102 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 149 255 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 49 363 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35,07% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 44 230 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 29,63% түздү. 5 133 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,44% түздү.

№ 17 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, бир талапкердин каттоосу жокко чыгарылган, шайлоого 13 талапкер катышты.

№ 17 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1.      Асаналиев Аскат Уланбекович – 1 717 добуш (3,53%);

2.      Азыгалиев Нурланбек Асанбекович – 12 020 добуш (24,71%);

3.      Жанузакова Кыял Байышевна– 739 добуш (1,52%);

4.      Чыныбаева Айжан Адамкалиевна – 3 943 добуш (8,11%);

5.      Эсенаманова Чолпон Замирбековна – 4 714 добуш (9,69%);

6.      Узакбаев Улукбек Камчибекович – 10 766 добуш (22,13%);

7.      Сабырбекова Ырыс Сабырбековна – 800 добуш (1,64%);

8.      Манамкулов Дастан Майрамбекович – 618 добуш (1,27%);

9.      Нурмухамедов Эрназар Муратбекович – 1 284 добуш (2,64%);

10.   

11.    Камчыбеков Адилет Сабырбекович – 901 добуш (1,85%);

12.    Касаналиева Жылдыз Остемировна – 683 добуш (1,40%);

13.    Чойбеков Бактыбек Каныбекович – 8 026 добуш (16,50%);

14.    Курманалиева Койсун Аблабековна – 1 182 добуш (2,43%);

15.    “Баарына каршы” – 1 247 добуш (2,56%).

№ 17 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 12 арыз (даттануу) келип түштү.

 КР БШКсы № 17 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы  № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Азыгалиев Нурланбек Асанбекович, Узакбаев Улукбек Камчибекович жана Эсенаманова Чолпон Замирбековна таанылды.