КР БШК № 1 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
08 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн,
8-декабрда № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 1 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 1 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – 10 476 добуш (18,18%);
- Жороев Исманали Эгембердиевич – 8 715 добуш (15,12%)
- Талиева Камила Абдыразаковна – 5 377 добуш (9,33%)
№ 1 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 90 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136 175 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 58 316 шайлоочу, же 42,82% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 49 913шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 36,65% түздү.
8 403 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 6,17% түздү.
№ 1 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 17 талапкерди каттады, шайлоого 17 талапкер катышты.
№ 1 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 1 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жороев Исманали Эгембердиевич – 8 715 добуш (15,12%);
2. Жусупов Аширбай Бапович – 3 243 добуш (5,63%);
3. Токторов Бактыяр Абдинабиевич – 2 018 добуш (3,50%);
4. Айдарова Айгүл Абдисаламовна – 2 763 добуш (4,79%);
5. Каландаров Зарипбек Кабылбаевич – 843 добуш (1,46%);
6. Салимбеков Кенжебек Салимбекович – 1 056 добуш (1,83%);
7. Дуулатова Сайрагүл Садыковна – 412 добуш (0,71%);
8. Набиева Асель Бурхановна – 3 542 добуш (6,15%);
9. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – 10 476 добуш (18,18%);
10. Ахмедов Канатбек Абдурашидович – 2 988 добуш (5,19%);
11. Талиева Камила Абдыразаковна – 5 377 добуш (9,33%);
12. Ураимов Алихан Ураимович – 1 557 добуш (2,70%);
13. Дыйканов Максатбек Дыйканович – 2 426 добуш (4,21%);
14. Темирбаева Миргул Омурзаковна – 3 185 добуш (5,53%);
15. Каразаков Жунусбек Абдирашитович – 625 добуш (1,08%);
16. Тагаев Мирлан Конурович – 2 219 добуш (3,85%);
17. Исаев Абдикасыт Абдулакимович – 5 643 добуш (9,79%);
18. “Баарына каршы” – 538 добуш (0,93%).
№ 1 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 15 арыз (даттануу) келип түштү.
Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 1 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич, Жороев Исманали Эгембердиевич жана Талиева Камила Абдыразаковна таанылды.
