БШК радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!
08 декабря 2025
Урматтуу радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү кесибиңиздер аркылуу дүйнөдөгү жана өлкө аймагында жаңылыктарды ар бир кыргызстандыктын үйүнө жеткирүү менен бирге кубаныч, шаң, көңүл көтөргөн жагымдуу атмосфера тартуулап, коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгүнө айландыңыздар.
Эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдеп, улуттук баалуулуктарды, адеп-ахлакты, адам укуктарын жана демократияны калк катмарына жайылтууда салымыңыздар чоң.
Мамлекетибиздин бакубаттуулугу, элибиздин тынчтыгы жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектенип, көрөрмандар менен угармандардын сүймөнчүлүгүнө татып, аман жүрүңүздөр.
Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, көөнөрбөс энергия жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын төрагасы Т.У. Шайназаров

