КР БШК № 2 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

07 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 2 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

№ 2 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

- Атажанов Ырысбек Ысламович – 13 794 добуш (23,59%);

- Калпаев Бактыяр Алиевич – 6 981 добуш (11,94%);

- Аманова Бурун Кушбековна – 5 078 добуш (8,69%).

№ 2 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 92 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 144 594 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 59 172 шайлоочу, же 40,94% катышты.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52 797 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,53% түздү. 6375 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,41% түздү.

№ 2 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты.

№ 2 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 2 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Ахматова Сюита Камалидиновна – 3 484 добуш (5,96%);

2. Ганыев Каныбек Токтоматович – 4 299 добуш (7,35%);

3. Садыков Абдисатар Сайталыевич – 4 547 добуш (7,78%);

4. Аманова Бурун Кушбековна – 5 078 добуш (8,69%);

5. Калпаев Бактыяр Алиевич – 6 981 добуш (11,94%);

6. Султанбекова Чолпон Аалыевна – 3 052 добуш (5,22%);

7. Абдипатта уулу Жумабек – 3 770 добуш (6,45%);

8. Абдуллаева Райхан – 334 добуш (0,57%);

9. Сайдимаров Чындыкбек Сейдакматович – 1 245 добуш (2,13%);

10. Атажанов Ырысбек Ысламович – 13 794 добуш (23,59%);

11. Аскарова Элмира Исраиловна – 1 202 добуш (2,06%);

12. Төлөмүшов Бегали Пирмаматович – 4 391 добуш (7,51%);

13. Абсаттаров Азамат Асаттулаевич – 2 302 добуш (3,94%);

14. Надирбеков Айтбай Эргешович – 3 466 добуш (5,93%);

15. “Баарына каршы” – 520 добуш (0,89%).

№ 2 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 19 арыз (даттануу) келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.

КР БШК № 2 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Атажанов Ырысбек Ысламович, Калпаев Бактыяр Алиевич жана Аманова Бурун Кушбековна таанылды.