КР БШК № 15 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 15 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);
- Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%);
- Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%).
№ 15 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 104 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 160 200 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 68 228 шайлоочу, же 42,59% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 59 691 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 37,26% түздү. 8 537 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,33% түздү.
№ 15 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 15 талапкерди каттады, шайлоого 15 талапкер катышты.
№ 15 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Керимбаев Мураталы Топчубаевич – 3 693 добуш (5,47%);
2. Умаров Адыл Умарович – 2 491 добуш (3,69%);
3. Эшбаева Миргүл Алманбетовна – 1 405 добуш (2,08%);
4. Абдибаева Айсаракан Нышановна – 3 988 добуш (5,91%);
5. Абдибаева Салтанат Нышановна – 551 добуш (0,82%);
6. Эрбаев Алишер Ташбаевич – 8 179 добуш (12,12%);
7. Туманбаева Рада Мураталыевна – 2 494 добуш (3,70%);
8. Мамыралиев Бектемир Кудайбердиевич – 2 692 добуш (3,99%);
9. Мырзаев Мирлан Жумадилович – 259 добуш (0,38%);
10. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – 10 713 добуш (15,87%);
11. Тургунбек уулу Нурланбек – 17 125 добуш (25,38%);
12. Өнөрбаева Рахия Райымбековна – 1 434 добуш (2,12%);
13. Нариманов Тургунбек Нариманович – 4 770 добуш (7,07%);
14. Нышанов Джайлообай Данибаевич – 5 865 добуш (8,69%);
15. Кулбаева Зулайка Эшматовна – 1 291 добуш (1,91%);
16. “Баарына каршы” – 537 добуш (0,80%).
№ 15 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 7 арыз (даттануу) келип түшүп, алардын баары каралды. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 15 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 15 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Тургунбек уулу Нурланбек, Турсунбаев Азизбек Атакозуевич жана Абдибаева Айсаракан Нышановна таанылды.
