№ 13 шайлоо округунда 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жаңы шайланат

07 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда жыйында № 13 көп мандаттуу шайлоо округундагы айрым участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчилигин карады.

Натыйжада Ноокен жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларына 35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын курамдан чыгарууну сунуштады. 5 календардык күндүн ичинде жаңы төрагаларды шайлоону уюштуруу тапшырылды.

Бул чечим 2025-жылдын 3-декабрында КР БШК тарабынан жараксыз деп таанылган № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынды.

КР БШКга келип түшкөн арыздарды текшерүү аныктагандай, байкоочу катары катталган талапкерлердин өкүлдөрү № 13 шайлоо округдун 35 шайлоо участогунда мыйзамсыз түрдө камераларды орнотуп, шайлоочулардын добуш берүүсүн көзөмөлдөшкөн. Бул добуш берүүнүн купуялуулук жана шайлоочулардын эркин билдирүү принцибине каршы келген. Ушуга байланыштуу КР БШКсы 2025-жылдын 3-декабрында № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжасын анык эмес деп тааныган.

35 участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жогоруда айтылган мыйзам бузуулардын болушуна жол бербөө үчүн чара көрүшкөн эмес, бул бүгүнкү чечимди кабыл алууга негиз болду.

КР БШК шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө коркунучтар же тоскоолдуктар жаралганда ички иштер органдары менен кызматташуунун милдеттүүлүгүн баса белгиледи.