№ 22 шайлоо округунун айрым участокторунда кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз канааттандырылган жок
05 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, № 22 көп мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эмил Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызын карады.
КР БШКга талапкер Э.Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевден № 22 шайлоо округу боюнча № 1102, № 1103, 1104, 1106, 1113, 1127, 1133, 1140, 1142 шайлоо участкаларында кайрадан кол менен эсептѳѳ жүргүзүү жѳнүндѳ арыз келип түшкѳн.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 5-декабрындагы жыйынында аталган маселе каралып, тараптар угулду.
Жумушчу топ мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык бюллетендерди кайра саноо үчүн негиздер жок экендигине байланыштуу, М.Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган. КР БШКсы, Жумушчу топтун сунушун эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкер Э.М. Абдыкадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлү М. Калмырзаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты.



