КР БШКнын сыйлыктары жөнүндө жобо бекитилди

05 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда, комиссиянын сыйлыктары менен сыйлоо тартибин аныктоо максатында КР БШКнын сыйлыктары жөнүндө жобону токтом менен бекитти.

 Токтомго ылайык төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылды:

- КР БШКнын 1999-жылдын 16-апрелиндеги  “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо тууралуу” токтому;

- КР БШКнын 2021-жылдын 3-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө жобо тууралуу”  токтому.