КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө КР БШКнын түшүндүрмөсү

01 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрөт.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгруу (УШК–ОШК):

1. Мыйзамга ылайык, АЭУдагы маалыматтар алдын-ала болуп саналат, ал эми шайлоо участокторунда добуштарды кол менен саноонун негизинде тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде аларды округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.

2. Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, алардын ичиндеги маалыматтарды кошуу жолу менен жыйынтыктык таблицаны түзөт жана округ аймагы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Округдук шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймак боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо жөнүндөгү чечимдери добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылган күндөн тар
тып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.

Шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо (БШК):

3. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдорунун негизинде, добуш берүү күнүнөн тарта 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 14-декабрына чейин) округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктайт, башкача айтканда, округдан шайланган үч депутатты белгилейт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо боюнча чечимдерди кабыл алууда, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) сөзсүз түрдө карап чыгып, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алышы керек.