Кыргызстанда шайлоо аяктады - бардык шайлоо участоктору жабылды

30 ноября 2025

Кыргызстанда бардык шайлоо участоктору жабылып, алгачкы маалыматтар келе баштады, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров түз эфирдеги брифингде.
Кыргызстандан тышкары Батыш өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө, Россиянын Ыраакы Чыгышындагы шайлоо участоктору жабылып, алгачкы маалыматтар БШКнын борбордук серверине келе баштаганын айткан Т.Шайназаров брифингдин катышуучулары менен биргеликте округдар боюнча алгачкы маалыматтар менен онлайн режимде таанышып, шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого мүмкүн эместигин баса белигледи.  
Буга чейин БШК төрагасы шайлоо кампаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин шайлоо мыйзамдардын бузулушу мүмкүн болгон фактылар тууралуу 269 билдирүү келип түшкөнүн билдирди.
Алардын ичинен:
- үгүт шарттарын бузуу жөнүндө – 124,
- талапкердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу - 37,
- административдик ресурсту колдонуу - 8,
- шайлоочулардын добушун сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө – 46,
- башка бузуулар – 54.
Ал эми бүгүн добуш берүү күнү 67 арыз-билдирүү келип түштү, алардын - 28и үгүт шартын бузгандыгы тууралуу, 18 - добуш сатып алуу  аракети, 4- техникалык бузуулар тууралуу, 17 – башка бузуулар. 
Төрага күнү бою техникалык бузууулар тууралуу 4 гана арыз түшкөнүн айтып, шайлоо жабдуулары кынтыксыз иштегенин баса белгиледи. 
БШКга келип түшкөн арыз-билдирүүлөр бардыгы мыйзам алкагында каралганын айтты.