Үгүт шарттарын бузган талапкерлерге, жаранга жана юридикалык тарапка айып пулдар салынды
30 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы, бүгүн, 30-ноябрда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерин бузган маселелерди карап, 3 талапкерге, 3 жаранга жана юридикалык тарапка айып пул салды.
КР БШКга № 20 шайлоо округунан талапкер Оятулло Мухидиновдон арыз келип түшкөн. Арызда ушул эле округдан талапкер Т. Айтиевдин үгүтчүсү Нарзулло Амирбеков аттуу жаран айылдаштары үчүн трансформатор маселесин чечип берерин жана аны бир жуманын ичинде бүтүрүү боюнча иштеп жаткандыгы тууралуу билдирүү WhatsApp тиркемеси аркылуу таркатылып жаткандыгы көрсөтүлгөн.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ социалдык тармактардагы Н. Амирбеков жарыялаган аудио материалдарды карап, арызда айтылган фактылар аныкталды.
Бул боюнча Аламүдүн РИИБдин токтому чыгып, аудиоматериалдарда белгиленген маалыматтар талапкер Т.Айтиевге тиешеси жок экендиги аныкталган.
Жумушчу топ Н.Амирбековго карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 65-беренелеринде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКга № 28 шайлоо округунан талапкер Арсланбек Малиевдин өкүлү Р. Мамажановдун арызы келип түшкөн. Анда Талант Жункеев жана Азамат Оморов аттуу жарандар талапкер А.Малиевди “теңирчи, мусулман эмес” деп айыптап, ошондой эле анын мурда айткан “биз дааватты жабабыз” деген сөздөрүн айылдаштарынын арасында таратып жатышкандыгы тууралуу маалымат WhatsApp тиркемеси аркылуу жайылтылып жатканы көрсөтүлгөн.
Жумушчу топ социалдык тармактарда жарыяланган аудиоматериалдарга талдоо жүргүзүп, арыздагы көрсөтүлгөн билдирүүлөр WhatsApp тиркемеси аркылуу тараткандыгын аныктап, алар үгүт жүргүзүү талаптарына каршы келээрин белгилеген.
Жумушчу топ Т.Жункеев жана А.Оморовго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүчтөгү өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ социалдык тармактарга байкоо жүргүзүп, WhatsАpp мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, № 9 шайлоо округунан талапкер Даут Ахунов Сардарбек үгүт шарттарын бузгандыгын, тактап айтканда, спорттук иш-чараларды өткөрүү аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү аныкталган.
Жумушчу топ талапкер С.Даут Ахуновго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунуштаган.
Жумушчу топ социалдык тармактарда дагы бир үгүт шартын бузган фактыны аныктаган – № 15 шайлоо округунан талапкер Джайлообай Нышанов үгүт шарттарын бузуп, WhatsАpp мессенджеринде башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөлүшү колдонулган үгүт видеоматериалын тараткан.
Жумушчу топ талапкер Д. Нышановго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
Жумушчу топ маалымдагандай, “Whatsapp” мессенджеринде 2025-жылдын 29-ноябрында саат 08:30да (жымжырттык күнү) Бишкек шаарынын LED-экрандарына № 24 шайлоо округунан талапкер Арафат Исмаиловдун үгүт материалдары жайгаштырылган. Жумушчу топтун жыйынында “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү талапкер менен келишим түзүлгөнүн билдирди, ага ылайык 2025-жылдын 10-ноябрынан баштап, 2025-жылдын 29-ноябры саат 08:00гө чейин Бишкек шаарынын LED-экрандарында талапкердин үгүт материалдары жайгаштырылды.
2025-жылдын 29-ноябрында техникалык себептерден улам талапкердин үгүт материалы LED экрандарынын биринде үгүт кампаниясы аяктаган учурда бир нече убакытка калган.
Жумушчу топ “Рекламный мир” ЖЧКсынын өкүлү Алишер Хажиевге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
КР БШКга Д.Тыныбек уулу аттуу жарандан № 19 шайлоо округунан талапкер Рысгүл Акимжанованын үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу арызы келип түшкөн.
Жумушчу топтун жыйынында арыз ээсин жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү М. И. Абдибаитовду угуп, 2025-жылы 29-ноябрда саат 8:00дө (“жыжырттык күнү”) талапкердин жеке баракчасына үгүт видеоматериалы жарыяланганы аныкталды.
Жумушчу топ талапкер Р.Акимжановага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
КР БШКсы Жумушчу топтордун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына талапкерлер С.Даут Ахуновго, Дж. Нышановго, Р. Акимжановага, талапкердин үгүтчүсү Н. Амирбековго жана «Рекламный мир» ЖЧКсынын өкүлү Алишер Хажиевге 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, жарандар Т.Жункеев менен А.Оморовго - 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
