№ 25 округдук шайлоо комиссиясы № 7133 участогундагы жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды
30 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына №25 округдук шайлоо комиссиясынан 2025-жылдын 29-ноябрында «Фейсбук» социалдык тармагында жарыяланган видеожазууларга байланышкан алдын ала текшерүү материалдары каралгандыгы тууралуу чечим келип түштү. Аталган видеолордо Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндө жайгашкан №7133 шайлоо участогунда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгынын белгилери бар.
№25 ОШК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 29-ноябрда ушул участокто жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктарын бир добуштан жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, материалдарды мындан аркы кароо үчүн КР БШКга жөнөттү.
КР БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгат.
