КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер менен жолугушту
29 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер менен жолугушту.
Тынчтык Шайназаров мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоого даярдык тууралуу маалымат берип, чет мамлекеттерде ачылган шайлоо участокторуна өзүнчө токтолду. Ал Түркияда добуш берүү үчүн 8 участок ачылганын белгилеп, алардын уюштурулушуна көмөк көрсөткөн Түркиянын жетекчилигине жана жергиликтүү мамлекеттик органдарга ыраазычылыгын билдирди.
БШКнын төрагасы көптөгөн кыргызстандыктар жашап жаткан Түркиянын колдоосун Кыргызстан дайыма сезип келгенин, ал өлкөдөгү мекендештерибиздин жарандык милдетин аткаруусу үчүн шарттар түзүлгөнүн ыраазычылык менен баса белгиледи.
Ал эми Ахмет Йенер шайлоонун ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты жана эки өлкөнүн шайлоо комиссияларынын тажрыйба алмашуусун маанилүү деп белгиледи.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар шайлоо процессиндеги кызматташтыкты чыңдоого кызыкчылыктарын билдирип, Кыргыз Республикасында эртең боло турган шайлоонун ийгиликтүү өтүүсүн каалашты.






