КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Казакстан жана Тажикстандын БШК жетекчилери менен жолугушту
28 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров жана Тажикстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзодо Тавар менен жолугушту.
Тынчтык Шайназаров кесиптештерин жылуу тосуп алып, алардын келиши алдыдагы шайлоо процессине маанилүү колдоо экендигин белгиледи.
Казакстандын БШКсынын төрагасы Нурлан Абдиров добуш берүү процесси, жыйынтык чыгаруу тартиби жана добуштарды эсептөө механизмдерине кызыкты.
Тынчтык Шайназаров шайлоонун негизги этаптарын айтып берип, алдын ала жыйынтыктар автоматташтырылган эсептөө системасынын жардамы менен оперативдүү түрдө болоорун белгиледи. Акыркы маалыматтар чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынан протоколдор келип түшкөндөн кийин түзүлөрүн кошумчалады, чет өлкөлөрдө добуш берүү убакыттагы айырмачылыктан улам кечирээк жыйынтыкталат. Ошол эле учурда, бардык участкаларда кол менен добуш эсептөө милдеттүү түрдө жүргүзүлөрүн баса белгиледи.
Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуу деңгээли жөнүндө суроого жооп берип, БШК төрагасы жарандар үчүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, анын ичинде аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралганын белгиледи. Бул шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Андан соң Тажикстандын БШКсынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзодо Тавар менен жолугушуу болду. Ал тажик делегациясы шайлоо процессин колдоо жана тажрыйба алмашуу максатында келгенин белгиледи.
Бахтиёр Худоёрзодо Тавар Кыргызстанда шайлоо процессинде бир катар жаңылыктар киргизилгенин, маалыматтык иш-чаралар жана процессти уюштуруу өз нугунда жүрүп жатканын белгилеп, шайлоого даярдыкка кызыгуу менен көз салышкандыгын айтты. Алдыдагы парламенттик шайлоо ачык, тынч жана ийгиликтүү өтөт деген ишенимин билдирди.









