Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады

28 ноября 2025

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу аяктады
Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 335 арыз түштү.
Алардын ичинен:
-        жаш курагына байланыштуу – 3 511;
-        ден соолук мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине байланыштуу – 2 134;
-        ден соолук абалына байланыштуу – 4 008;
-        айрым категориялар – 676.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоо участкасына добуш берүү үчүн келе албаган шайлоочулар укуктуу.
Ошондой эле добуш берүү күнү ооруканада, шектүүлөр менен айыпталгандардын камак жайларында, алыскы, барууга кыйын аймактарда жана алыскы мал жайыттарында убактылуу жашаган шайлоочулар да бул укуктан пайдалана алышат.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими менен төмөнкүлөр да добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат:
- добуш берүү күнү калктуу пункттардан алыс жайгашкан, обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
- добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
- үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканаларда же вахталык негизде иштеген шайлоочулар.
Добуш берүү күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн участкасында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү - добуш берүү күнүнө календардык бир күн калганда саат 8ден 20.00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө 2 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
Таблица түрүндөгү маалымат тиркелет: Таблица