КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШ Байкоочу миссиясынын башчысы, КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолукту
28 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону байкоо үчүн Кыргызстанга келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Байкоо миссиясынын башчысы, КМШ Башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко менен жолугушту.
Игорь Петришенко КМШ Миссиясынан 241 узак жана кыска мөөнөттүү байкоочу аккредитациядан өткөнүн билдирди. Мезгил аралык даярдалган баяндама сунушталды, ал эми Миссиянын жыйынтыктоочу басма сөз жыйыны 2025-жылдын 1-декабрында өтөрү пландалууда. Миссиянын ишинин алкагында башка эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушуулар да каралган, делегация борбордогу жана региондордогу шайлоо участокторуна барышат.
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.
«Биз 29-ноябрда өтө турган имараттан тышкаркы добуш берүүгө, ошондой эле 30-ноябрдагы негизги добуш берүү күнүнө даярбыз. Шайлоо участокторунда эл аралык байкоочулардын болушуна кубанычтабыз. Алардын катышуусу жарандардын ишенимин бекемдөөгө, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт», - деп баса белгиледи Т.Шайназаров.
Тараптар келечектеги кызматташуунун жана маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Алар шайлоо органдары менен эл аралык байкоо миссияларынын ачык жана конструктивдүү диалогу демократиялык процесстерди бекемдөөгө, жарандардын добуш берүүнүн жыйынтыгына болгон ишенимин жогорулатууга салым кошорун белгилешти.








